11-сентябрь күнү порталыбыздын "Элдик видео" бөлүмүнө “Кыргыз балдарын өзбек улутундагы жигиттер уруп, жаман сөздөр менен тилдеп, мазактап, кордогону” жөнүндө видео чыккан. Бүгүн, 17-сентябрда айрым маалымат булактарында ИИМге шилтеме берүү менен SUPER.KG порталына улуттар аралык бөлүнүүгө жол берген видео жүктөлүп, муну тийиштүү органдар териштирип жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Маалымат тууралуу SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова буларды билдирет: "Ал видеону порталдын кызматкерлеринин бири Фейсбуктан көрүп, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу FAKT.KG сайтына кирип көрүп, көчүрүп алып, бизге колдонуучу катары жүктөгөн экен. Биздин порталдын колдонуучулары үчүн эрежелердин катарында улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Муну эске албай модератор ал видеону жандырып койгон. Ал эми эртеси 12-сентябрь күнү редактор көрүп, мындай видеонун орун алышы туура эместигине күмөн санап, порталыбыздан алдырып салган. Эми аталган эрежени сактабагандыгы үчүн ал колдонуучу порталдан четтетилди. Ал эми мындай ката кетирген кызматкерибизге тийиштүү чара көрүлдү".