Ысык-Көл. Облустагы 9 окуучу Бишкектеги лицейден бекер окууда

Быйылкы окуу жылында Ысык-Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз райондорунан топтолгон 9 окуучу Бишкектеги №27 кесиптик лицейде "автоунаа механиги жана слесарь" адистиги боюнча бекер окуй баштады. Муну өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, окуучулар атайын программанын алкагында "Кумтөрдүн" каржылоосу менен билим алышууда. "Сынактын негизинде 9 окуучу акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. Окуучулар 3 жылдык мөөнөттө кесиптик билим алуу менен бирге жатакана жана стипендия менен камсыз болушат",- дейт Муканбетова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан