КРнын Акыйкатчысын шайлоо 25-сентябрда болот

ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбеков акыйкатчыны кызматынан бошотуу жана шайлоону жарыялоо процедурасында мыйзам бузуулар болбогондугун билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы жарыялады. “Тескерисинче, эгерде өз убагында акыйкатчыны шайлоо болбой калса, анда Конституциянын нормалары бузулмак”,- деди эл өкүлү. Жарандык коомдун өкүлдөрү коомчулукка чыгып, сын-пикирлерди айтканы менен, акыйкатчы кызмат ордуна талапкер болгондорунун айрымдары комитеттин атайын уюштурган жыйынына келбей койгондугун айткан депутат: “Жогорку Кеңеш жабык режимде акыйкатчы ким болорун алдын ала аныктап алган” деген сын-пикирлерди айтып жаткан жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрү келбей коюшту. Жарандык коомдун өкүлдөрү биз көңүл бура албай калган маселелерди козгоп, өздөрү сунуштап жаткан критерийлерди айтып, талапкерлердин деңгээлин аныктаганга салымын кошот деп үмүттөндүк эле”,- деди депутат. Ошондой эле эл өкүлү акыйкатчыны шайлоо 25-сентябрда боло турганын кошумчалады. 

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мөөнөтүнөн мурда бошогондугуна байланыштуу ЖК 3-июлда талапкерликке сунуштоолорду кабыл алууну жарыялаган. Акыйкатчылыкка талапкерлер тууралуу документтерди кабыл алуу 15-августта аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан