Укук коргоо органдары кыргыздарды кордоп, мазактагандарды таап, аларга тиешелүү чара көрүшөт деген ойдобуз

Жакында интернетке улуттар арасына чагым жаратуучу видеоматериал жүктөлүп, ал ар кандай маалымат булактарына, интернеттеги социалдык тармактарга тарап кеткен эле. Бул факты боюнча ИИМдин 10-башкармалыгы иш алып барууда. Аталган видеобаянда өзбек тилинде сүйлөгөн жигиттер бир жигитти "кыргызмын деп айт" деп, анан каалаганча мазакташкан. Бул видео кимдер тарабынан тартылды, андагы каармандар кимдер, кандай максатта ал видеону интернетке таратышты? Укук коргоо органдары, анын ичинде ИИМдин тиешелүү бөлүмү бул суроолорго жооп таап, жооптуу адамдарды улуттар аралык жаңжалды жаратууга чагым кылып, жем таштаганы үчүн сөзсүз жоопко тартышат деп терең ишенебиз.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан