17-сентябрда Каракол шаарында Ысык-Көл облусундагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү. Ага "Bio-kg" органикалык кыймылы федерациясынын президенти Искендер Айдаралиев, облустагы дыйкан, фермерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү жана аны бекемдөө боюнча талкуу болду. Аталган федерациянын өкүлдөрү өлкөдө жана аймактагы экологиялык таза продукцияларды өндүрүү, экспорттоо тууралуу ойлорун айтышты. Кошумчалай кетсек, семинар 6 саатка созулуп, дыйкандар ар кандай суроолоруна жоопторду алышты.