Бүгүн, 17-сентябрда Брюсселде Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту. Анда Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жана өлкөнүн шайлоо системин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошону менен бирге Борбордук Азиядагы жагдай дагы талкууга алынды. Мартин Шульц Европарламент Кыргызстанда келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. “Кыргызстан биз үчүн Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшүбүз. Демократияны өнүктүрүү үчүн мыйзамдын үстөмдүгү болушу зарыл. Европа парламенти Кыргызстандагы келерки шайлоолор демократиянын негизинде өтүшүнө ар тараптуу көмөк көрсөтөт. Жакын арада Кыргызстанга эксперттердин тобу жөнөтүлөт, алар келерки шайлоолорго колдоо көрсөтүү үчүн керектүү иш-чаралардын тизмесин түзөт”,- деди Европарламенттин төрагасы. “Биз бардык маселелер боюнча тил табыштык. Кыргызстанда 2 жылдан кийин парламенттик жана 4 жылдан кийин президенттик шайлоолорду өткөрүүгө колдоо алганыма абдан кубанчтамын. Таза шайлоо күчтүү бийликтин кепилдиги экендигине толук ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.