Мурдагы депутат Садыр Жапаров жакында "Кумтөрдөн" акча талап кылды деп айыпталып, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда отурган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотууну талап кылууда. Жапаров бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйын берип анда аталган жарандарды УКМК кысымга алып жатканын билдирди. "УКМК аларды "биздин артыбызда Садыр Жапаров турат" деп айттыра албай жатат",- дейт экс-депутат. Эске салсак, 28-августта УКМК аталган 2 жаран менен "Кумтөрдүн" өкүлүнүн сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеоматериалды теле аркылуу жарыялап, анда компания өкүлүнөн тигилердин 3 миллион доллар сураганы көрсөтүлөт. Айыпталуучу тарап видеону монтаждалган деп моюнга алышкан эмес. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган экөө 2 айга, 29-октябрга чейин камакка алынган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылууда.