Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен Орусиянын президенти куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады. Анда: “Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишмердигиңизде ийгилик каалайм.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиле жана стратегиялык өнөктөштүгү өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн жана Борбордук Азияда стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары дагы ийгиликтүү улантыла берерине ишенем”,- деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан