УКМК: "Эрланбек Өмүралиев бизге өзү келип, оппозициянын пландары тууралуу айтып берген"

Эрланбек Өмүралиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өз каалоосу менен келип, оппозициянын пландары тууралуу сүйлөп берген. Бул тууралуу, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү жасады. “Эрланбек Өмүралиев аталган видеотасмада атын атаган жарандар (Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов ж.б. ред.) УКМКны сындашты. Өмүралиев өз каалоосу менен арыз жазгандыктан, УКМК бул видеону жалпыга жарыялоону чечкен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”,- деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле Өмүралиев видеодо айткан сөздөрдү тасмада аты аталган адамдар тастыктап жатканын айтат УКМК. “Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү Бакытбек Жуматаев аттуу жаран Өмүралиевдин сөздөрүн тастыктады. Ага “Юпи” опреациясын жүргүзүү иши сунушталган экен. Ошондой эле УКМКда бул тууралуу тасма бар”,- дейт Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан