17-сентябрда Брюсселде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө «Кыргызстандагы мыйзамдын үстөмдүгүн ачык-айкындуулук жана отчёттуулукка өзгөчө басым жасоо менен алдыга жылдыруу» макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Кыргыз тараптан макулдашууга Кыргызстандын адилет министри Алмамбет Шыкмаматов кол койду.