Президент Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин төрагасы менен жолугушту

17-сентябрда, Брюсселде Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту. Анда Кыргызстан жана Европалык кеңештин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Херман Ван Ромпей президент Алмазбек Атамбаев менен учурашып, туулган күнү менен куттуктады. «Мен Кыргызстан элинин татаал өзгөрүлүп турган шарттарда демократияны өнүктүрүүнү улантуу чечкиндүүлүгүнө абдан таасирлендим. Европалык Союз Кыргызстанды колдогон жана колдой берет»,- деди ал.

  

Европалык кеңештин төрагасы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда Ооганстандагы кырдаал талкууланганын жана Европалык союз аймактын өнүгүшүнө чоң маани бере турганы көңүл чордонунда болгонун белгиледи. «Президент Алмазбек Атамбаевдин келиши зор мааниге ээ, ал эми жаңы макулдашуулар биздин мамилелердин мындан аркы бекемдешине өбөлгө түзөт. Европалык Союз Кыргызстандагы демократиялык реформалардын жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтөт»,- деди Херман Ван Ромпей.

  

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Европалык кеңештин башчысын Европалык Союздун институттарына баруу мүмкүнчүлүгү жана көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүү, аларды чечүү жолдору, бул багытта биргеликте иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекетте коррупция менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынган жана бул кылмыштын түрү  менен күрөшүүнүн эсебинен бюджетке эки эсе көп киреше түшкөнүн маалымдады.

  

Президент ошондой эле саясий партиялардын катышуусу менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңеши аркылуу улуттар аралык ынтымакты бекемдөө концепциясы бекигенин да маалымдады. «Кыргызстан үчүн 2015-жылы парламентке шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоонун таза өтүшү маанилүү. Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында экономика жана коррупция менен күрөшүү бөлүмдөрү менен бирге таза шайлоону өткөрүү боюнча да бөлүм бар», - деп белгиледи Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан