ЖКда Азиз Батукаевге байланыштуу токтомду кароону талап кылышууда

ЖКда депутат Туратбек Мадылбеков “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маселени ЖКнын бүгүнкү, 18-сентябрдагы жыйынында кароону сунуштады. "Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн келип, токтомдун аткарылышы тууралуу отчёт берсин",- деди эл өкүлү. Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков буга байланышкан токтом тармактык комитеттерге жөнөтүлгөнүн айтты. “Эгерде комитеттердин төрагалары бүгүн караганга даяр болушса, анда бул маселени карайлы”,- деди төрага. Эл өкүлү Туратбек Мадылбеков комитеттердин жетекчилерине белгилүү бир мөөнөт коюу керектигин айтып: “Болбосо токтомду кароо 30-декабрга чейин созула бериши мүмкүн. Бул токтомду кароо сентябрь айынын календардык планына кирген да”,- деди. Белгилей кетсек, парламенттин 30-майдагы жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан