Ысык-Көл: Балдары Казакстанда камакта жаткан ата-энелер митингге чыгышты

"Чек арадан мыйзамсыз өттү" деп айыпталып, казак чек арачылары тарабынан кармалып камалган кыргызстандык жарандардын ата-энелери митингге чыгышты. Алар учурда Каракол шаарында, обладминистрациянын алдында турушат. "Маселебизди чечип берсин, болбосо ар кандай күтүүсүз кадамдарга барышыбыз мүмкүн дешүүдө",- чогулгандар. 10-15тей адам турганын аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова кабарлады. Айта кетсек, 12-июлда Ысык-Көлдүн Корумду айылынын 9 жаранын мал издеп жүргөн жеринен казак чек арачылары кармашкан болчу. Алардын төртөө бошотулуп, 5 жаран учурда камакта жатканы айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан