Жалал-Абад. Тогуз-Тородогу мектептер кышка даярдалууда
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы мектептерди кышка даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 18-сентябрда райондун акиминин орун басары Марат Рысалиев билдирди. Айтымында, райондо жалпы 14 мектеп болсо, анын төртөөсү электр энергиясы менен жылытылат. Калган 10у көмүр менен жылытыларын айтат ал. "Бир КамАЗ көмүр учурда 4000-4500 сом болууда. Ал эми 1-октябрга чейин жалпы мектептерге 180 тонна көмүр жеткирилиши керек",- деди Рысалиев. Учурда керектүү көмүрдүн 50 пайзызы даярдалганын кошумчалады.