Жалал-Абад. Улуттар аралык мамилени бекемдөө максаты менен "Ынтымак жарчылары" биримдиги спорттук мелдеш өткөрдү
Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы №3-орто мектепте "Ынтымак жарчылары" биримдиги аймактык башкармалыктын жашоочулары арасында спорттук мелдеш уюштурду. Бул тууралуу 18-сентябрда аталган биримдиктин жетекчиси Азамат Калиев билдирди. Айтымында, мелдештин максаты - шаар элин ынтымакка, биримдикке үндөө жана ашкере улутчулдукту жоюу. 4 аймактык башкармалыктын жашоочуларынан түзүлгөн командалар волейбол, ордо, шахмат оюндары боюнча таймашты. "Спорт - ден соолуктун жана достуктун символу. Андыктан жашоочуларды биримдикке үндөп, спорттук мелдеш уюштурдук. Мелдеште Спутник аймактык башкармалыгы жеңүүчү аталды",- дейт Калиев. Ал эми "Ынтымак жарчылары" биримдиги 2010-жылы түзүлүп, улуттар аралык айрым маселелерди чечүү менен алектенет.