Ысык-Көл облусунун Түп районунда мал жоготуп, аны издеп Казакстандын аймагына киришкен Корумду айылынын 5 тургуну 12-июлдан бери аталган өлкөдө камакта жатат. Бүгүн, 18-сентябрда аталган жарандардын ата-энелери облустук администрациянын алдына топтолушуп балдарын бошотуп берүүнү талап кылышты. Алар облус башчысы Эмил Каптагаев, КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов, облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Салиев жана башка жергилктүү жетекчилер менен жолугушту. Жолугушууда Токон Мамытов камактагылар 300-500 миң теңге өлчөмүндөгү айып пул төлөгөн учурда гана аларды камактан бошотуша турганын билдирди. Чогулгандар балдары менен жолугушуу уюштуруп берүүнү өтүнүштү. Ал өтүнүч орундаларын бийлик өкүлдөрү убадалашты.