17-сентябрда Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата “Кур-Терек” ат майданында улуттук ат оюндары өттү. Мелдештерде 5-орунду алгандарга 10 000 сом, 4-орун үчүн 20 000 сом, 3-орунга 30 000 сом, 2-орунду ээлегендерге 50 000 сом берилди. Ал эми баш байгеге коюлган Мерседес үлгүсүндөгү үч автоунааны кунан чабыш боюнча Чүй облусунан Айдар Үтүров, жорго салыш боюнча Тоң районунан Замир Мукашев жана аламан байге боюнча Сокулук районунан Керээзбек Мукашев утуп алды. Майрамдык салтанат кечинде шаардын борбордук аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен уланды.