Депутат Эсенгул Исаков мергенчилерге берилген лицензияны күбөлүккө алмаштырууну сунуштады
Депутат Эсенгул Исаков
мергенчилерге берилген лицензияны күбөлүккө алмаштыруу сунушун бүгүн,
18-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында, учурда мыйзам аркылуу мергенчилик
кылуу эрежелери жана мергенчилердин жоопкерчилиги эч жерде текшерилбейт. “Мергенчилерге
уруксат берилген жерде гана аңчылык жүргүзүүгө милдеттендириш керек. Азыр
Нарындан уруксат алышып, Ысык-Көл облусуна барып аңчылык менен алектенишүүдө”,-
деди эл өкүлү.