Нарын. Шаардын 145 жылдык мааракесине арналып, белгилүү эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт өттү

Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулган  бир катар салтанаттардын катарын Бишкектен келген эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт толуктады. Концертти көрүү үчүн борбордук “Ала Тоо” аянтына эл жык толду. Майрамдык кечени Асылбек Өзүбеков жана Назира Кадыева алып барышып, Нэна, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов, Роза Шакирова, Лира Райымбекова, Аскат Мусабеков сыяктуу белгилүү ырчылар болушту. Мындан тышкары Ташчайнар атка конгон Нурлан Алишеров  элдин көңүлүн көтөрүп, кызыктуу номерлерди аткарып берди. Концерттин аягында адатка айланып калган майрамдык фейерверк элге тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан