Ош шаарында кышка карата үзгүлтүксүз көмүр сатылуучу 14 жай уюштурулду. Шаардык мэриянын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун айтымында, көмүрдүн баасы кымбаттабайт, кышында да ушул бойдон калмакчы. Айта кетсек ,1 тонна көмүрдүн баасы Ош шаарында учурда 4500-5000 сом болууда. "Көмүрдү жашоочулардын үйлөрүнө жеткирип берүү боюнча менчик секторлор менен да иш алып баруудабыз”,- дейт Романов.