Дүйнөдөгү 144 өлкөнүн ичинде бизнестеги жаңы технологияларды колдонуу боюнча рейтингде Кыргызстан 127-орунду ээледи. Маалымат Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-2015-2016-жылдарга карата кыска мөөнөттүү божомолунда айтылат. Көрсөткүч боюнча Кыргызстан 2008-жылы 122-орунда тургандыгы айтылууда. Акыркы жылдарда тоолуу аймактардагы өнөр жайды жаңы технологиялар менен камсыз кылуу тармагында 38 гана ишкана алектенип жатат.