17-сентябрда мурунку депутат Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда Жапаров УКМКга оппозициянын пландары тууралуу айтып берген Эрлан Өмүралиев менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусун угузду. Сүйлөшүүдө Эрлан Өмүралиев делген адам Жапаровдон гезиттерге маек берип, булганган атын актап берүүнү сураныптыр. Сүйлөшүүнүн стенограммасы төмөндө.
Эрланбек Өмүралиев: - Мен сизден бир нерсе сурансам болобу?
Садыр Жапаров: - Айта бер.
Э.Ө.: - Мен сизден мындай нерсени суранам да. Гезит беттерине өзүмдүн дагы бир ачык позициямды айтып коёюн деп. Адыл айтып жаткан сизди, "Супер-Инфого", бүгүнкү номерине какой-то бир интервью бериптир депчи. Сиз "Супер-Инфого" бердиңиз беле?
С.Ж.: - Алып эле жатат баары эле. Берип жатам баарына эле, и.
Э.Ө.: - "Мен действительно Эрландын момундай жолго барарына ишенбейм. Ал деген башка адам. Момундай-момундай" деп кичине бир анча-мынча көө сыйпалып калган кишини анча-мынча тазалап берип коёсузбу деген бир сураныч бар эле да.
С. Ж.: - Проблема жок, ал жагынан.
Уландысы бар. Ал эми аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.