Бишкекте 30 миңдей айдоочу автоунаасына салык төлөй элек. Маалыматты Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейд учурунда Бишкек шаарынын салык төлөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Темиров билдирди. Айтымында, ушул тапта борбор калаада 180 миң автоунаа бар. Рейддин максаты – 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн 30 миң автоунаа ээлерин аныктоо. Аныкталгандандан кийин унаа ээлери салыктан сырткары 2 000 сом айып пул төлөшөт.