17-сентябрда Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди. Жапаров УКМКга оппозициянын пландары тууралуу маалымат берген Эрлан Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, сүйлөшүүнүн аудиожазуусун угузду. Анда Өмүралиев делген адам Юпи операциясы боюнча жалган маалымат бергени үчүн Нарын элинин алдында өзүн ыңгайсыз сезип жатканын айтат. Төмөндө сүйлөшүүнүн стенограммасы.
Эрланбек Өмүралиев: - Садыр байке, менден сизге эч нерсе керек эмеспи. Жөн гана чалдыңызбы ушуларды угайын деп эле?
Садыр Жапаров: - Сенден мага эмне керек эле? Сенден мага, просто эле чындык сөзүң, калыстык сөзүң эле керек. Башка эч нерсе керек эмес. Мен сенден бирдеме сураймбы?
Э.Ө.: - Опровержение кереги жокпу ээ сизге?!
С.Ж.: - Өзүң бил, булар эми бердирбейт деп жатпайсыңбы.
Э.Ө.: - Эгер мен телеге чыксам айтмакмын. “Бүткүл Нарын элине, бүткүл Кыргызстандын элине кайрылам. Мени куру жерден, жөн жерден эле баатыр кыла бербегиле. Баягы окуя боюнча ток этер жерин мына эми толугу менен айтып берейин. Анан өзүңөр талдагыла, өзүңөр сындагыла, кандай жыйынтык чыгарасыңар мындан. Кимден кандай ката кеткен дегендин баарын тең өзүңөр угуп бир тыянакка келгиле” деп туруп анан жанагылардын баарын тең төкпөй чачпай айтып бермекмин да.
Элде азыр совсем башка неме да.
Уландысы бар. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.