7-Апрель окуясында жаракат алып, 2011-жылы декабрда каза болгон Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсү өкмөттөн компенсация берүүнү талап кылууда. Ч.Султановго "Апрель революциясынын баатыры" деген наам берилгени менен, үй-бүлөсүнө эч кандай компенсация төлөнө элек экен.
Буга нааразылык билдирген коомдук активист Жеңишбек Молдокматов жана анын тарапташтары буга чейин ачкачылык жарыялашкан эле. Бүгүн, 18-сентябрда маалымат жыйын берген Молдокматов “Бизге милиция кызматкерлери келишип, акциянын бир катышуучусу Акылбек Калматовго кылмыш иши козголгонун жана анын качып жүргөнүн айтышты. Калматовду Свердлов РИИБине алып кетишип, бирок айыпсыз болгондуктан, сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулду",- деди. Активист эгер бийлик талаптарын аткарбаса, манжасын кесерин билдирди. "Ультиматум дүйшөмбүгө чейин коюлат",- дейт Молдокматов.