Жалал-Абад. Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына карата марафон өтөт
Жалал-Абад шаардык мэриясы 26-сентябрда актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган марафонун өткөрөт. Муну 18-сентябрда мэриянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди. Айтымында, марафон Б.Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрында уюштурулат. Учурда чакыруулар, афишалар даярдалып жатыптыр. "Марафон жергиликтүү ырчылардын коштоосунда өтөт. Ал эми бюджеттик ишканалар бир күндүк айлык акыларын которуусун сунуштадык",- дейт бөлүм башчы. Ал кошумчалагандай 10-сентябрдан 1-октябрга чейин С.Чокморов катышкан кино тасмалар жергиликтүү телеканалдардан берилип турат.