“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши парламенттеги аталган фракциянын лидерлигине Жылдыз Жолдошеванын талапкерлигин сунуштап жатат. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Курманбек Осмонов маалымат булактарынын бирине билдирди. “Партиянын саясий кеңешинин жыйынында Жолдошова эң көп добушка ээ болду. Мыктыбек Абдылдаевдин да мүмкүнчүлүгү бар. Азырынча лидер болууну каалаган депутаттар өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшө элек. “Ата Журт” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү башчы болууга татыктуу”,- деп билдирди депутат. Айтымында, буга чейин фракция лидерин шайлоо боюнча маселе каралган эмес. Садыр Жапаров депутаттык мандаттан ажырагандан кийин партияга жаңы лидер шайлоо маселеси келип чыгыптыр. Эскерте кетсек, фракция лидеринин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада Улукбек Кочкоров дайындалган эле.