Ош. Шаарда "Ураган" аттуу рейд жүрүп, 3 күндө 34 мас айдоочу кармалды

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Ураган" операциясынын жүрүшүндө 3 күндө 34 айдоочу мас абалында автоунаа айдап жүргөн жеринен кармалды. Алардын баарына тийиштүү өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан сыткары унаасынын алдынкы айнектерин караңгылатып алган 48 унаанын айдоочусу кармалып, автоунаалары айып аянтчасына токтотулду. Ошондой эле мамлекеттик номуру жок унаа айдап жүргөн 18 айдоочуга да айып салынганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан