Мурунку депутат Садыр Жапаров оппозициянын пландары тууралуу УКМКга айтып берген Эрлан Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып чыкты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүн жаздырып алганын айтып, журналисттерге аудиожазууну угузду. Анда Эрланбек Өмүралиев делген адам УКМК үй-бүлөсүн айтып коркутуп оппозицияга каршы сүйлөтүп, сөзүн бурмалаганын айтты. Сүйлөшүү жазылган стенограмма төмөндө.
Садыр Жапаров: - Түшүндүм токтой тур. Менде дагы бир суроо. Мисалы, кесип көрсөттү тиги бу мен айткан эмесмин деп жатпайсыңбы?
Эрланбек Өмүралиев: - Алдагы видеоинтервьюдан башка дагы бир неме бар..
С.Ж.: - Жок, уксаң. Булар мындай деп жатат Эрлан Өмүралиев өзү келип арыз жазды дейт. Арыз жазып ушинтип ушинтип оппозициялар машинеде сүйлөшүштү мени менен чогуу отуруп. Анан мен деген элимдин коопсуздугунан тынчсызданып булардын катарынан чыгып кеттим деп өзү келип арыз берди дейт. Сен арыз бердиң беле ошентип барып?
Э.Ө.: - Эми угуп туруңуз. Мен арызды деген бияктан ошол Нарындан кара БМВ менен кетип баратканда мага тигил бардочогунан, внимательно угуп турсаңыз блокнотун алып чыгып адегенде Жети-Өгүздөгү жол жабылары тууралуу сөздү баштап, андан кийин Кубакы жөнүндөгүлөрдүн баарын айтып берип 8-9-10у дегендердин баарын айтып берип андан кийин Талант менен сүйлөшкөн немелеримди кичине толуктап алалы, мына мындай мындай болуп жатат депчи. Жанагы Юпи боюнча.
С.Ж.: - Токтосоң, токтосоң. То есть сен жанагынын сөзүн айтып жатасың?
Э.Ө.: - И, угуп турсаңыз жанагы кара БМВ менен келгенден кийин мага Таатандын жанында встреча уюштурушту. Ушундай ушундай, эми сен тякка барарда эмнени айтарыңды билесиң да. Нар жак бер жагын эске аласың да, семьяң тиги 3 балаң бар тиги бу деп туруп мага угроза жасап жатпайбы. Анан мен тигинин сөзүн эфирде кайталап гана бердим.
Уландысы бар. Ал эми аудиожазуунун толук версиясын бул жактан көрсөңүз болот.