"Мени өлтүрүүгө оппозициядан буйрук болгонун УКМКдан айтышты" дейт Эрланбек Өмүралиев

Садыр Жапаров 17-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда Жапаров оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштурганы жатканын УКМКга айты берген Эрланбек Өмүралиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Сүйлөшүүнүн аудиожазуусун угузду, анда Эрланбек Өмүралиев делген адам оппозиция тараптан өлтүрүүгө буйрук болгонун УКМК айтканын билдирет. Сүйлөшүүнүн стенограммасы төмөндө. 

 

Эрланбек Өмүралиев: - Алар деген мага мындай дешти. Тигилерден заказ келди сенин артыңдан конкретно охота болуп жатат депчи.  

Садыр Жапаров: - Туй ата... психологический ошондой давка кылат дагы сени алдап ошентип жок кылышат. Биздин арабыздан бирөө дагы мындайга барбайт. Мен булардан коркпойм бир гана Кудайдан корком. Тигилер жамандыкка барып койбосун ошондон абайла. 

Э.Ө.: - Кубан байкеге жолуксаңыз айтып коюңуз. А дегенде эле бул сатылып кетти деп чыкты. Жекшенкулов өзүмдүн жердешим болуп туруп, мен муну тааныбайм деп чыкты. Силерге рахмат, бул атайын жасалган иш деп турдуңар. Нарындын жарымы мени баатыр десе жарымы чыккынчы деп жатат.  

С.Ж.: - Алар сага башында арыз жаздырып алыштыбы кандай? 

Э.Ө.: - Оа, милдеттеме жаздырып алышты что бы даярдалган видеону ММКлардан бергенге каршылыгым жок деген. Биринчи эфирге чыгарып туруп анан кийин жаздырып алып жатышпайбы. Эмне кылганыңар десем тигилер айтышты сага заказ келди деп 

С.Ж.: - Туй энең... 

 

Уландысы бар. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уга аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан