Төрага Асылбек Жээнбеков парламент жакынкы мезгил аралыгында карай турган негизги маселелерди атады

ЖКнын бүгүнкү, 18-сентябрдагы жыйынын жыйынтыктап жатып төрага Асылбек Жээнбеков парламент жакынкы мезгил аралыгында карай турган негизги маселелерди атап, депутаттарды ал маселелерди талкуулоого жигердүү катышууга чакырды. Айтымында, ЖКнын тармактык комитеттери менен фракцияларында өкмөттүн «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматы, “Кыргызалтын” акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум каралып жатат. “Кыргыз өкмөтүнүн “2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын долбоору жөнүндө” өтө маанилүү программалык документи комитеттердин талкуусунан өтүүдө.  Мындан сырткары өлкөнүн эң башкы каржы документи болуп саналган “Кыргызстандын 2014-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2015-2016-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттик комитеттерде келерки аптадан тарта карала баштайт”,- деди Жээнбеков. Ошондой эле төрага ЖК кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө да күн тартибиндеги негизги маселелердин бири экендигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан