Ырчы, обончу, модель, дизайнер-модельер, деги койчу, Лира Seven өзүн бир топ тармакта сынап келет. Ал көпчүлүктүн эсинде эпатаждуу образдары менен да калган. Ырчы катары чет өлкөдө ырдап, чет жактагы мода жумалыктарын багынтып жүргөн Лира Seven кезектеги коногубуз. “Манастын өзүн төрөй албайм, ал кайталангыс. Бирок экинчи версиясын, Манаска окшоштуктары бар баланы төрөй аларыма ишенем. Ал акылдуу, күчтүү болот, сатылып кеткен жерлерибизди кайра кайтарат. Мен ишенем”,- деген ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №927 санынан окуй аласыз.