Мурунку депутат Садыр Жапаров оппозициянын пландары тууралуу УКМКга айтып берген Эрлан Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып чыкты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүн жаздырып алганын айтып, журналисттерге аудиожазууну угузду. Анда Эрланбек Өмүралиев делген адам УКМК биринчи кармап кеткенде үй-бүлөсүн ойлоп ыйлаганын айтты. Телефондогу сүйлөшүү жазылган стенограмма төмөндө.
Садыр Жапаров: - Папашаң эмне СНБшниктерге алданып ошентип жатабы не?
Эрланбек Өмүралиев: - Атам, неме, зампредседатель бар экен, Чоткараев дегенчи, ошолоруна чейин кирип сүйлөшүп чыкты. Анан, короче, айтты, мен эч нерсени билбейм, тигилер менен мамилеңди үзөсүң. Сени канчалык подставлять эткенинин аларга кызыгы жок. Ушу менен, короче, бүтөт депчи. Кыскасы, бүттү, силер менен байланышты үз деп жатат. Анан папашага мен айтып жатам. "Мындай болгон, анан кантип эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт. Менин жүзүм кандай болот?" десем, "сен жүзүңдү башында ойлонуш керек болчу" деди. Айтышканга, урушканга чейин бардык. "Катыныңды, балдарңыңды эле ойлобой, энең экөөбүздү деле ойлобойсуңбу?" деп жатат. Тигилер да мага атам аркылуу психологическое воздействие кылып жатат да.
С.Ж.: - Сени кандай, ушу биздин үстүбүздөн жалааны жаап эле до конца кет деп жатабы, атаң кандай?
Э.Ө.: - Жок, мындай деп жатат. "Сен эми аларга бир да сөзүңдү доказывать эте албайсың, эткен күндө да алар сага ишенбейт" деп жатат. "УКМК сунуштап жаткан вариант сага эң эле оптималдуу" деген сөздү айтууда. Башында "Кыргызстанда эле каласың, кызматыңды, үйүңдү чечип беребиз" деп жатышкан. Атам кирип чыккандан кийин чет өлкөгө чыгаруу боюнча сөз боло баштады.
С.Ж.: - Сен аларга алданып калба, ну эми өзүң бил, жаш бала эмессиң да. Сенин көзүңдү тазалап туруп, мына оппозиция өлтүрдү деп коюшу да мүмкүн. Анткени булардын бул варианты өткөн жок. Жасалма видеону элге жарыялап жиберип, эми доказать этиш керек да. Доказать эте алышпайт да жок нерсени.
Уландысы бар. Ал эми аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.