УКМК: Оппозициянын "Юпи" долбоорун ишке ашырат делген “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү билдирүү жасады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эрланбек Өмүралиев видеодо айткан сөздөрдү тасмада аты аталган адамдар тастыктап жатканын билдирди. УКМК “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү “Юпи” планы тууралуу маалымат билерин, ага Эрланбек Өмүралиев келип, планды ишке ашырып берүүнү өтүнгөнүн билдирип, бул боюнча видеотасма жарыялады. Видеодо "хизбутчу" делген Бакытбек Жуматаев буларды билдирет: “Эрлан Өмүралиев менен 2012-жылы таанышкам. Ал 2013-жылдын жаз айларында “Юпи” долбоорун ишке ашыруу сунушун айтты. Ал үчүн мага чоң суммадагы акча берерин да айткан. Мен бул сунуштан баш тарттым”. УКМК билдиргендей, Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Бакытбек Жуматаев 1969-жылы туулган. Улуту кыргыз жана учурда эч жерде иштебейт.

 

УКМК «Хизбут-Тахрир» мүчөсүнүн моюнуна алуу видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан