Бүгүн,19-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Мирлан Бакиров көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасын кабыл алуу керектигин билдирди. Айтымында, казакстандык калыстар оюнга туура эмес баа беришкен. “Алгачкы жолу Азия чемпиондугу өттү. Казакстан мамлекетиндеги калыстардын Кыргызстан курама командасына болгон мамилесин көрдүк. Бул маселе боюнча мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү керек. Оюн таза өтсө, биздин команда 1-орунду алмак”,- деди эл өкүлү. Белгилей кетсек, Казакстанда көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу болуп, анда Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээлеген.