ЖКнын 19-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы автокырсыкта дарыяга агып кеткен жаш балдарды издөө иштерин улантуу керектигин айтып чыкты. Бул кырсыкта 8 адам каза болгонун эске салып: “Алардын ичинен 6 киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Эки бала дагы эле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөөнү токтотту. Суук түшкөнгө чейин кайрадан издөө иштерин баштоону суранам”,- деди Бакиров.