Депутат Дастан Бекешев бала бакчаларга кезекке интернет аркылуу туруу системин киргизүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев бала бакчаларга болгон кезекке интернет аркылуу туруу системин киргизүү сунушун бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында, кезек интернет аркылуу аныкталса, акча берүү фактылары азаймак. “Учурда балдарды бала бакчага берүү абдан оор, ошондуктан жарандарыбыз балдарын бала бакчаларга киргизүү үчүн акча беришүүдө”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле Бекешев учурда Бишкекте 79 муниципалдык бала бакчалар бар экендигин билдирди. “Алар 12 миң балага эсептелген болсо, учурда ал жактарга 27 миң балдар барууда. Мэрия бакчаларды курууга каражат жок экендигин айтууда, бирок Октябрь райондук сотунун алдында бала бакчанын бош имараты турат”,- деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан