Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов 1-Октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата 20-сентябрдан 20-октябрга чейин бир айлык жарыялоо тууралуу токтомго кол койду. Учурда мэрия кызматкерлери тарабынан шаардагы жашы улгайган адамдардын тизмеси такталууда. Жарыяланган бир айлыкта карыяларга юридикалык кеп-кеңештер акысыз берилип турат. Мындан сырткары вице-мэрлер карыялар үйүндөгү улгайган адамдар менен жолугушуп, аларды куттуктап келери пландалууда.