Баткен районундагы Чарбак айылынын жашоочуларынан кат келиптир, алар суу жоктугун айтышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Айтымында, айыл жашоочуларынын ичкенге суусу жок жана сугат иштерин да жүргүзө албай калышыптыр. “Жолдору да абдан начар экен. Дүңкүлдөтүп эле убада берип коюп, кайра аткарбай жүрө беребизби? Туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ушул маселе кирген экен. Анда Баткенде 5,5 миң сугат жери пайда болушу керек экен. 2017-жылы парламент да, өкмөт да болбойт. Убада берип коюп эле жүрө бербей, аткарылышын көзөмөлдөйлү”,- деди эл өкүлү.