Ош. КРдагы Япониянын элчиси Алай районунда болуп кайтты

18-сентябрда Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушту. Жолугушууда аталган элчиликтин Алай районуна көрсөтүп жаткан колдоолору тууралуу сөз болду. "Райондогу жаштардын терең билим алуусуна сиздер тараптан көрсөтүлгөн колдоолор аларга дем берип, билимге болгон умтулуусун арттырат. Алай райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да элчилик менен тыгыз байланышта иш алып барат жана өз ара  достуктун чыңалышына салым кошууга аракет кылат",- деди аким. Өз кезегинде Такаюки Коикэ Таалайбек Сарыбашовго меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да ар түрдүү долбоорлордун алкагында кызматташууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан