Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык казыятына Мадина шаарынан келген 664 даана Куран китеп жеткирилди

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казыятына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына Мадина шаарынан келген Ыйык Куран китептеринен 664 даана китеп жеткирилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул китептер ордо калаадагы ар бир мечитке, медреселерге акысыз таратыларын Бишкек шаарынын казысы Замир Ракиев билдирди.

"Бул сооптуу ишке себепчи болгон ар бир мусулман бир туугандарга, Муфтияттын кызматкерлерине Алла Таала ыраазы болсун. Биз ар бир китепти тактык менен мечиттерге жеткиребиз. Бул китептердин сапаты мыкты экен. Андыктан Аллахтын үйүндө мүлк катары кала берет", - деди Замир Ракиев.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө Сауд Арабиянын Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеби келгендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2020-09-14 12:24:40
Алла ыраазы болсун
+1
Ka2sr1
2020-09-14 13:55:49
Бети башты ороп чүмкөбөй эле жашагылачы биздин жаш кыздар. Ажы, молдолорду туурап Кудайга тилектерди айтканда арабча айтуудан баштабай, кыргызча эле баштап анан аяктасанар болбойбу туугандар
0
batleybesh
2020-09-14 14:31:26
Ka2sr1,ит уро берет экен да!
0
Janyl98
2020-09-14 15:26:12
batleybesh,
Кыргыздарда бети башын чумкобой эле мусулманчылыкты карманышкан, ошону билишибиз керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан