
Кечээ, 11-сентябрда Сауд Арабиянын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 34 миң даана Куран китеби келген. Китептер диний окуу жайларга, өлкөнүн ар бир мечитине бөлүштүрүлүп берилмекчи.
"Куран китебин Кыргыз өлкөсүнө алып келүүдө муфтий Максатбек Токтомушев бир катар мамлекеттик мекемелерге, мекендештерге муфтияттын жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.