18-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын
семинар өткөрүлдү. Семинарда экстремизм, терроризм, диний агымдардын тарыхы, алардын иш-аракеттерин алдын алуу боюнча талкуу болду.
Айта кетсек, буга чейин жер-жерлерде “Экстремизмге жана терроризмге каршыбыз” деген аталышта иш-чаралар уюштурулуп, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда дин
өкүлдөрүнүн, мектеп окуучуларынын, коомчулуктун катышуусунда талкуулар болгон. Семинарды ОИИБинин жетекчилиги өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.