Баткен эли жергиликтүү аэропортту менчиктештирүүгө каршы

ЖКнын 19-сентябрдагы жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен эли жергиликтүү аэропортту жеке менчикке бербей, оңдоп берүүнү суранып жатышат деди. “48 гектар аянтты ээлеген аэропорт чек арага жакын жайгашкан. 10-15 жылдан бери иштебей турат. Бош аянтка кызыккандардын көптүгү жашоочуларды кооптондурууда. Алар жерлерди жеке менчикке бербей, оңдоп, жок дегенде 2 каттамды ишке киргизип берүүнү суранышууда”,- деди депутат.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан