Депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында кышка болгон даярдык маселесин көтөрдү. Айтымында, былтыр Бишкек шаарында кыш мезгилинде аба чубалгылары күйүп, көмөк чордондор жогорку чыңалууларды көтөрө албай калган. “Шаар тургундары 4-5 күн электр жарыгысыз калышкан учурлар болгон. Ошондуктан өкмөттүк саат өткөрүп, кышка болгон даярдык тууралуу, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат угуу керек. Былтыркыдай маселелер болбош үчүн баарын эрте баштоо керек. Шаар мэрин, энергетика жана өнөр жай министрин, өкмөт мүчөлөрүн чакырып, аларды угуу керек",- деди эл өкүлү.