Миграциялык саясатты иштеп чыгуу боюнча топтун жетекчиси Айгүл Рыскулова Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү тобокелчиликтерин талкуулаган коомдук кеңештин жыйынына катышууда. Анда Рыскулова мигранттардын үй-бүлөлөрү тууралуу көйгөйгө токтолду: "Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү орчундуу көйгөйлөргө туш болууда. Балдарынын билим алуусу тез арада чечүүнү талап кылган маанилүү маселе. Алар мектепке барышпайт. Мындан сырткары жашы өтүп калган ата-энелерин карылар үйүнө беришүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул маселени карашы керек",- деди ал.