Депутат Карганбек Самаков ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетин жоюу керектигин айтты

Депутат Карганбек Самаков ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетин жоюу керектигин бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында, бүгүнкү күн тартибине унду байытууга багытталган мыйзам долбоору кирген. “Биз аны комитетте карап, коомдук уктурууга чейин жалпы жыйынга алып чыкпай эле коё туралы дегенбиз. Социалдык саясат комитетинде кворум жок болуп, 2 эле депутат катышып жатат. 2 киши мындай чоң маселени кантип чечмек эле? Бул комитетти Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетке кошуу керек”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан