Акыркы 5 күндүн ичинде Оштогу “Савай” жана “Ханабад” темир жол өткөрүү бекеттери аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга 10го жакын күйүүчү май куюлган цистерна өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКнын 19-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Ушул тапта Өзбекстанда кармалып турган 200 вагондун 80и Кыргызстанга келгенин кошумчалады ал. Калган 120 вагонду алып келүү боюнча маселе жакынкы күндөрдө чечилерин белгиледи. Эскерте кетсек, ЖКнын 5-сентябрдагы жыйынында депутат Абдимуктар Маматов Өзбекстандан Кыргызстанга чыгарыла турган 200 вагон кармалып турганын айтып чыккан эле. Ал вагондордо курулуш материалдары жана башка керектүү буюмдар бар экенин, бул боюнча өкмөт кандай чара көрүп жатканын сураган болчу депутат.