Ош облустук ооруканасынын кызматкерлери 2010-жылдагы Июнь окуясында жабыркагандарды акысыз текшерүүдөн өткөрүшүүдө. Мындай иш-чара 18-сентябрда башталып, учурда дарыланууга муктаж болгон 7 адам ооруканага жатканын мекеменин башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов билдирди. Бул 7 бейтап Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары.