Ош. Шаарда жаштар арасында жумушсуздукту жоюу боюнча жыйын болду

Ош облусунун аймагында Алай, Ноокат райондорунда жана Ош шаарында жалпы 255 жаш өспүрүм заманбап кесиптик билимге ээ болушкан. Жаштарды талапка ылайык кесип менен камсыз кылуу «Кош аракет» коомдук уюму аркылуу долбоордун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун башкы максаты – эмгек рыногунда жаштар арасындагы жумушсуздукту  жоюу. Аталган долбоордун алкагында өлкө аймагы боюнча жалпы 1600 жаш өспүрүм кесиптик билимге ээ болгон. Учурда долбоор үчүн 14 кесиптик билим берүүчү орто окуу жайы тандалып алынган. Бул тууралуу «Кош аракет» коомдук уюмунун өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан